super.kg logo

Цукерберг Meta компаниясына 50дөн ашык жасалма интеллект адисин жумушка алды

 

Meta компаниясынын башкы директору Марк Цукерберг 50дөн ашык алдыңкы жасалма интеллект (ЖИ) адисин жумушка алды. Алардын арасында OpenAI, Google, Apple, xAI жана Anthropic компанияларынан келген инженерлер жана изилдөөчүлөр бар. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Цукерберг өзү адистерди жалдоо процессине катышып, ири компенсацияларды сунуштаган. Айрымдарына ал акчалай сыйлык жана компаниядагы үлүштөрдү сунуштаганы айтылат. Бул Meta'да жаңы кызматкерлерди кабыл алуу процессинин убактылуу токтотулушуна алып келди.

Жаңы адистердин келиши менен компанияда Meta Superintelligence Labs аттуу жаңы түзүм пайда болду. Ал төрт бөлүмдөн турат:

  1. TBD Lab – бул бөлүмдө супер акылдуу ЖИ багытына басым жасалат жана жаңы адистердин басымдуу бөлүгү ушул жакка келди;
  2. AI-продукттар командасы;
  3. Инфраструктуралык команда;
  4. Fundamental AI Research – узак мөөнөттүү изилдөөлөргө жооп берген топ. Анын курамы дээрлик өзгөрүүсүз калды.

Эске сала кетсек, буга чейин Meta компаниясы Facebook, Instagram жана Threads тармактарында дезинформацияга каршы күрөшүү үчүн ишке киргизилген фактчекинг программасын жоюп жатканын жарыялаган. Эми сырттан көз карандысыз медиа же уюмдар аркылуу эмес, колдонуучулар өздөрү жалган же бурмаланган маалыматтарга түшүндүрмөлөрдү кошо алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: