super.kg logo

Бишкекте жашыруун сойкукана аныкталды (фото, видео)

 

15-августта Бишкек шаарындагы Осмонкул көчөсү, №9 дарегинде жайгашкан "Восток" конок үйүндө мыйзамсыз иш-аракеттердин жүрүп жаткандыгы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, мейманкананын атына жамынып, акыркы беш жылдан бери интимдик кызматтар көрсөтүлүп келген. Текшерүүнүн жүрүшүндө, өтө начар шарттагы антисанитардык абал, негизги санитардык нормалардын жана гигиеналык тазалыктын сакталбагандыгы аныкталган. Мындан тышкары, кээ бир коноктордун жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн психотроптук заттарды колдонгондугу боюнча маалыматтар алынган. Учурда бул фактылар тыкыр текшерилүүдө.

Иш-чаранын жыйынтыгында интимдик кызмат көрсөткөн деп 1998-жылы туулган А.к.А., 2005-жылы туулган Т.к.А., 2003-жылы туулган А.к.Г., 1999-жылы туулган Ч.В.И., 1997-жылы туулган Г.А.Д жана 1995-жылы туулган А.З.О. аттуу жарандар кармалып, административдик жазага тартуу үчүн Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, 1981-жылы туулган Я.А.И. жана 1978-жылы туулган К.Э.Р. аттуу мекеменин администраторлору аныкталып, аларга карата тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ошондой эле 16-августта аталган мыйзамсыз ишмердүүлүктүн уюштуруучусу, интимдик кызмат көрсөтүү үчүн системдүү түрдө шарттарды түзүп, бул иш-аракетинен киреше алып келген Ж.К.Э. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда "Восток" конок үйүнүн ээси 1976-жылы туулган О.З.К. аттуу жарандын жоопкерчилиги каралууда.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: