super.kg logo

Өлкөдөгү үч чокуга келген альпинисттерди милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү сунушталууда

 

Альпинизм - бул жөн гана спорт эмес, бул күчтүү эрктин, чыдамкайлыктын жана жаратылыш менен күрөшүүнүн символу. Тоо чокусун багынтуу ар бир адамдын физикалык гана эмес, руханий күчүн да сынаган жол. Аба ырайынын татаалдыгы, бийиктиктеги кислороддун жетишсиздиги жана ар кандай тобокелдиктер бул спорттун негизги бөлүгү болуп саналат эмеспи.

Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөлөрдө альпинизм улуттук өзгөчөлүктүн жана маданияттын бир бөлүгүнө айланып бара жатат. Биздин жарандарыбыз дүйнөлүк деңгээлдеги чокуларды багындырып, Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытып жатышат.

Альпинизмдин терс жактары да бар, алар көбүнчө коопсуздук, ден соолук жана материалдык чыгымдар менен байланыштуу.

Уруксат жана камсыздандыруу

Кыргызстандын алты жараны Эверест чокусуна чыккан. 2023-жылдын 17-майында чокуну багындыргандардын бири Кадыр Сайдылкан өлкөдөгү үч чокуга пермит менен камсыздандыруунун милдеттүү киргизүүнү сунуштап, мамлекеттик казынаны альпинизм тармагы менен толтуруу аракетин сунуштады.

- "Биздеги үч чокуга пермит киргизүү. Алар Жеңиш, Хан-Теңири, Жел-Айдар (Ленин). Андан тышкары, Каравшин тоолоруна да пермит киргизүү зарыл. Бул жактарга чыгам деген альпинисттин камсыздандыруусу сөссүз болушу керек. Камсыздандыруу бардык кырсыктын чыгымын камтыш керек. Тик учак менен алып келүү, ооруканага жаткыруу, операция, реаблитация сыяктуу. Пермит жок, камсыздандыруу кылынбаган альпинисттерге тыюу салынсын. Уруксатсыз киргизген компанияларга айып пул чегерилсин. Тыюу салып, каргагандан башка толтура заманбап жолдору бар. Куткаруу операцияларынан, жакышылык кылып өлкө акча тапса болот", - деди Кадыр Сайдылкан.

Белгилүү кыргыз альпинисттерине бул демилге акыркы болгон окуялардан улам келип жатат десек болот.

Өмүр жана өлүм... Өлкөдөгү акыркы жаңылыктар

Орусиялык альпинист Наталья Наговицына Кыргызстандагы эң кооптуу чокулардын бири болгон Жеңиш чокусунан түшүп келе жатканда бутун сындырып, 7000 метрге жакын бийиктикте жардам күтүп жатканына бир жума болду. Анын шериги биринчи жардам көрсөтүп, андан ары жардам чакырууга кеткен. 13-августта эки чет элдик альпинист жардамга барып, бирок аба ырайынын бузулушу жана алсыздыкка кептелиши өз алдынча куткаруу иштерин ишке ашыра алган жок. Жардам берүүгө аракет кылган италиялык альпинист Лука тоңуп калып каза тапты. Бул арада кырсыктан кабардар болгон Коргоо министрлигинин тик учагы окуя катталган жерге Эңилчек тараптан бет алып, кескин начарлаган аба ырайы аны да жолотпой, авариялык конууга алып келди. Бул учурда тик учактагы экипаж мүчөлөрү менен куткаруучулар жаракат алып калышты.

Андан кийинки дагы аракеттен майнап чыкпады. Учурда Наталья Наговицынаны эвакуациялоо жана каза тапкан италиялык альпинисттин сөөгүн алып түшүү иштери уланууда.

Маалымат үчүн: Наговицына бул чокуну багындырууну өткөн жылы ушул чокуда каза тапкан жолдошуна багыштаган.

Адистердин кебинде жан барбы?

Бул окуя Жеңиш чокусунун кандай кооптуу экенин дагы бир ирет далилдеди. Жаман аба ырайы, бийиктиктеги оор шарттар жана куткаруу иштеринин татаалдыгы бул чокуга чыгууну абдан тобокелдүү кылат. Жеңиш чокусунда ар бир 9-10 альпинисттин бири каза болот деген расмий эмес статистика да бар.

"Стремление" клубунун президенти Олег Афанасьев орусиялык басылмаларга маалымат да берип жетишти.

- "Биздин Азиядагы “Кар барс” наамына кирген беш жети миңдик чокунун ичинен Жеңиш дайыма эң оор, эң татаал чоку болуп келген. Дагы деле ошол бойдон калууда. Альпинисттер Эверестке жыл сайын чыгышат, ал эми бул чокуга таптакыр эч ким чыга албаган учурлар да болот. 7 миң метр бийиктик - адамдын организми жашай албаган аймак. Андай бийиктикте кычкылтек жетишсиз. Ошондой эле мындай бийиктиктерде куткаруу жардамын күтүүгө болбой турганын, анткени ал дээрлик мүмкүн эмес. Альпинисттин эң башкы жабдуусу - бул анын өзү жана даярдыгы. Альпинисттер көбүнчө чокуга чыккан соң кайтып келе жатканда каза болушат, себеби күчүн туура бөлүштүрө албай калышат же организмдин коргоо ресурсу жетишсиз болуп калат. Бул бийиктик, суук, радиация жана оор физикалык күчтөн улам болот. Жеңиш чокусуна негизинен кесипкөйлөр гана чыгышат. Эгер альпинист буга чейин бир нече 6 миңдик чокуга чыккан болсо, анда даярдыкка көп убакыт талап кылынбайт. Бирок бул жарым жылдагы биринчи чоку болсо чоң кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн", - деди Афанасьев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: