super.kg logo
  Спорт  

Ташиев футбол легендасы Христо Стоичков менен жолукту (фото)

 

Бүгүн, 21-август күнү Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев дүйнөлүк футбол легендасы жана "Алтын топтун" ээси Христо Стоичков менен жолукту. Футбол жылдызы бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде "Football for Schools" ("ФИФА Мектептер үчүн футбол") программасынын расмий ачылыш аземинин ардактуу коногу болду.

Христо Стоичков өлкөдө бул программанын ийгиликтүү башталышы менен Ташиевди куттуктады. Ал эми КФБ жетекчиси өз кезегинде ФИФАнын футбол оюнун мектеп программасына киргизүү демилгеси келечекте жакшы жыйынтыгын берет деген ишеничин билдирди.

Христо Стоичков аталган жолугушуудан кийин Улуттук футбол академиясынын аймагы менен таанышты.

Белгилей кетсек, "Football for Schools" программасы балдарды футболго тартууга багытталган. Программа ФИФАнын бардык 211 мүчө ассоциациялары аркылуу ишке ашырылып, футболду улуттук билим берүү системине интеграциялоого өбөлгө түзөт. Кыргызстанда бул программа ишке ашкан учурда мектептерге 3600 даана футбол тобу берилип, ФИФА инструкторлорунун катышуусунда улуттук семинар өткөрүлөт жана дене тарбия мугалимдери үчүн регионалдык семинарлар уюштурулат.

Программаны ишке ашырууда негизги ролду Кыргыз футбол биримдиги аткарып, бардык иш-чараларды уюштуруп, программанын натыйжаларын көзөмөлдөп, аны баалайт. Билим берүү министрлиги программаны окуу процессине интеграциялоого көмөк көрсөтүп, жооптуу өкүлдөрдү дайындайт жана окуу жылынын жүрүшүндө демилгенин ишке ашырылышын көзөмөлдөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: