Ошто мурдагы эсепчи 8 миллион сомдон ашык сумма зыян келтирүүгө шектелүүдө



Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мурдагы бухгалтери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат ал бир катар жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жең ичинен сүйлөшүүгө барып, мыйзамсыз түрдө бир катар мектеп кызматкерлерине айлык акыларды жана башка төлөмдөрдү жүргүзгөнүн белгиледи.
Тагыраагы, №24 Фрунзе мектеби, №42 Керме-Тоо мектеби, №17 Гагарин, Олимп мектеп-гимназиясы, №18 А.Навои мектеп-лицейи жана №52 Кыргыз–Түрк достугу мектеп-лицейинде иштегендерге мыйзамсыз акчалай төлөмдөрдү жүргүзгөн.
Алдын ала эсеп боюнча келтирилген зыяндын суммасы 8 миллион 940 миң 684 сомду түзгөн. Учурда күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана келтирилген чыгымды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
