Планетанын эң кары жашоочусу бүгүн 116 жашка чыкты
Планетанын эң кары жашоочусу, британиялык Этель Кейтерем бүгүн, 21-августта 116 жашка чыкты.
Этель Кейтерем 1909-жылы Англиянын түштүгүндөгү Хемпшир графтыгында, Солсбери шаарына жакын жерде төрөлгөн. Ал сегиз бир туугандын жетинчиси.
Кейтерем эки дүйнөлүк согушту, Орусиядагы монархиянын кулатылышын, Британ империясынын кыйрашын, ошондой эле Улуу Британияда беш падышанын жана бир ханышанын башкаруусуна күбө болгон.
Кейтерем Эдвард VII'нин доорунда төрөлгөн жана бүгүнкү күндө анын жараны катары жашап жаткан жападан жалгыз адам болуп саналат. Эдвард VII'нин чөбөрө небереси Карл III былтыр анын 115 жаш курагы менен куттуктап кат жөнөткөн.
Жаш кезинде Этель Индияда мугалим болуп иштеген, кийинчерээк күйөөсү менен бирге Гонконгдо жана Гибралтарда жашаган. Азыр ал Англиянын түштүгүндөгү Саррей аймагындагы карылар үйүндө жашайт.
Этель Кейтерем быйыл апрелде дүйнөдөгү эң кары адам болуп калган. Буга чейин бул наам Бразилияда жашаган 116 жаштагы Ина Канабарро Лукаска таандык болгон, бирок ал каза болгондон кийин бул наам Этелге өткөн.
Ал эми документтер менен ырасталган эң узак жашаган адам франциялык - Жан-Луиз Кальман. Ал 1997-жылы 122 жаш кураганда каза тапкан.
