super.kg logo

Мелони Украинага НАТОго кирбесе да коопсуздук кепилдиктерин берүүнү сунуштоодо

 

Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони Украинага жамааттык коопсуздук кепилдиктерин берүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Bloomberg булактарына таянуу менен билдирди.

Алардын айтымында, Мелони Киевге НАТОго кирбеген күндө да жамааттык колдоо көрсөтүү кепилдиктерин караштырууну сунуштаган. Анын планына ылайык, Украинаны НАТОго кабыл алуу күн тартибинде жок, бирок жамааттык жардам менен механизм кийинки эң жакшы вариант экенин талкуулар менен тааныш адамдар айтышты.

Bloomberg агенттигине маектештери бул Украина менен башка мамлекеттердин ортосунда эки тараптуу келишимдерге кол коюуга алып барарын белгилешкен. Келишим аларды Киевге коркунуч кайра жаралган учурда тез жардам көрсөтүүгө милдеттендирет. Ошентип башка мамлекеттер украин бийликтерине тез арада аскердик жана экономикалык жардам көрсөтүп, Орусияга каршы санкцияларды киргизе алышат.

Талкуулар уланууда, сунуштардын мазмуну өзгөрүшү мүмкүн деп эскертишкен агенттиктин өздүк булактары. Италия өкмөтү бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: