super.kg logo
  Саясат  

Мелис Мырзакматов өзү жөнүндө теледен жарыяланган видео тууралуу оюн айтты

 

“Мени теледен жамандаган видео көрсөтүштү. Бийлик аферисттик жоруктарын токтотсун. Эгер жер сатып жиберген болсом, мени башкача тагдыр күтмөк”,- деп билдирди бүгүн, 15-январда Ош шаарынын борбордук аянтында эл менен жолугушууга чыккан Мелис Мырзакматов.  “Акыйкат заман үчүн күрөш башталат. Булар уурдаганы, сатканы, ыйлатканы келген экен. Бүгүн ошол максатына жетишти. Силердин ушундай колдооңордон кийин элиме кызмат кылбай койбойм”,- дейт Мырзакматов.

Эскерте кетсек, бүгүн Ош шаарына мэр шайлоо өтүп Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго 19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды. 






 
 Кыстарылган аудио 

Мелис Мырзакматовдун мэр шайлоодон жеңилгенден кийинки сөзү

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: