Бишкек мэри ЦУМдун алдында жүрүп жаткан курулушту текшерди




Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чүй кең көчөсүнүн Шопоков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыгында курулуп жаткан заманбап жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуу жайынын курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады.
Маалыматта учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканы белгиленет. Шаар башчысы жеринен тиешелүү кызматтарга курулуш маалында жаралышы мүмкүн болгон маселелерди ыкчам чечүү боюнча тапшырмаларды берген.
"Бул ири инфраструктуралык долбоордун жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөт. Долбоордун ишке ашырылышы транспорттук кыймылды жеңилдетип гана койбостон, шаардык чөйрөнү модернизациялоонун маанилүү этабы болот.
Негизги максат — жөө жүрүүчүлөр жана шаар тургундары үчүн коопсуздукту, жеткиликтүүлүктү жана ыңгайлуулукту жогорулатуу, ошондой эле убакытты үнөмдөө. Жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуу жайы борбордук көчөлөрдөгү унаа агымын азайтып, тыгындарды кыскартууга жана шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.
