super.kg logo

Түндүк Кореяда жашыруун аскердик база табылды

 

Түндүк Корея Кытай менен чек арага жакын жерде өлкөнүн эң өнүккөн стратегиялык куралдарынын мекени деп эсептелген жашыруун аскерий база курган. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы Вашингтондогу стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) баяндамасына таянуу менен жазып чыкты.

Аскердик база Кытай менен чек арадан 27 чакырым алыстыкта, тоо өрөөнүндө жайгашкан. Базанын аянты 22 чарчы километр. Ал жерде ядролук зарядды алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракеталар, ошондой эле алар үчүн учуруучу аппараттар сакталат деп болжолдонууда.

Баяндамада аталган ракеталар Чыгыш Азияга жана АКШга потенциалдуу өзөктүк коркунуч жаратат деп белгиленген. Базанын курулушу болжол менен 2004-жылы башталып, 2014-жылга чейин объекттердин көбү курулуп бүткөн жана ишке киргизилген. Ошону менен бирге докладда белгиленгендей, комплекс активдүү өнүгүүсүн улантууда.

Баяндамада ошондой эле базанын Кытай менен чек арага жакын жайгашканы кокусунан болушу мүмкүн эместиги айтылат. Анткени АКШ мындай объектиге кол салуудан этият болору ске алынган. Чабуулдун кесепети Кытайга да таасирин тийгизиши мүмкүн.

CSIS өз баяндамасында спутниктен тартылган сүрөттөрдү көрсөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: