Сокулукта жол тескөөчүнү унаасынын капотуна сүйрөй айдаган айдоочу кармалды
Сокулук районунда жол тескөөчүнү унаасы менен сүзө качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 20-августта болжол менен саат 3:15 чамасында болгон. Анда жол тескөөчүлөр мамлекеттик номери жок бара жаткан Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Токтотулгандан кийин айдоочу качуу максатында токтотууга аракет көргөн жол тескөөчүнү 200-300 метрдей унаасынын капотуна сүйрөгөн.
Бул окуянын негизинде кызматкерлер тарабынан унаа токтотулуп, 17 жаштагы өспүрүм айдоочу кармалган. Ага карата 15 миң сом айып пул салынып, андан тышкары унаанын тиешелүү номеринин жоктугуна жана кызматкерге баш ийбегендиги боюнча тиешелүү протоколдор толтурулган. Бул аракеттери үчүн Сокулук районунун милициясына жеткирилген.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү укуктук баа берилет.
21.08.25.
