super.kg logo

Коопсуздук кепилдиги, Донбасс жана ракета өндүрүү. Зеленскийдин негизги билдирүүлөрү

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия тарабынан жүргөн өлкө аймактарынын оккупациясын эч качан тааныбай турганын айтты. Бул тууралуу ал журналисттер менен жабык жолугушууда билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда

"Аймактарды алмашуу тууралуу айтсак, Украина эмнеге даяр экенин Орусиянын талаптары так белгилүү болгондон кийин маалым болот. Бирок Украина эч качан юридикалык жактан өз аймактарынын Орусия тарабынан оккупацияланышын тааныбайт",- деди Зеленский.

Украина лидеринин негизги токтолгон билдирүүлөрү:

1. Киев АКШдан коопсуздук кепилдиктеринин архитектурасын жакынкы 7-10 күндүн ичинде түшүнүүнү каалайт.

Бул - Зеленский Путин менен жолугушуудан мурун Украинага кандай жана канчалык деңгээлде кепилдиктер берилерин так билгиси келип жатканы.

2. Орусия Донбасс аймагын толук басып алышы үчүн төрт жыл керек болот.

"Донецк облусу боюнча маселе. Мен жолугушууда түшүндүрдүм: толук масштабдуу согуш башталгандан бери Орусия 69 пайыз эмес, болжол менен үчтөн бир бөлүгүн оккупациялады. Анткени алар толук масштабдуу согуш башталганга чейин Крымды жана Донецк облусунун үчтөн бир бөлүгүн ээлеп алышкан. Согуш башталгандан кийин дагы үчтөн бир бөлүгүн басып алышты. Азыр жалпысынан 67–69 пайызын кармап турушат. Демек, төрт жыл ичинде алар Донецк облусунун үчтөн бирин гана бөлүгүн оккупациялашкан. Ошондуктан, ушул жыл аягына чейин Донбасты толук ээлешет деген сөздөр жөн гана кеп. Ага дагы төрт жыл керек болот",- деди Зеленский.

3. Орусия аймактарды алмашуу катары Украинага өлкөнүн түштүктөгү Кинбурн косу менен алмаштырууну сунуштап жатат.

"Николаев облусундагы Кинбурн косу тууралуу – алар бул жерди бизге кайтарууга даяр экенин айтышат. Ал жер аларга деңизди бизден тосуп туруу максатында гана керек",- деди ал.

Кинбурн косу географиялык жактан Херсон облусунун сол жээгинде жайгашкан, ал учурда Орусия тарабынан оккупацияланган.

4. Украина кышында "Фламинго" ракеталарын массалык түрдө өндүрө баштоону пландап жатат.

Зеленский бул ракетанын ийгиликтүү сыноодон өткөнүн ырастады.

"Азырынча бул биздеги эң ийгиликтүү ракета. Бул тууралуу көп айта албайбыз, анткени жүздөп ракета жасалмайынча анын колдонуусу чектелүү. Декабрга чейин көбүрөөк болот. Декабрдын аягына же январь-февралга карата массалык өндүрүш башталышы керек",- деди өлкө башчысы.

Белгиленгендей, бул ракета британиялык FP-5 Milanion ракетасына окшош.

5. Зеленский Орусиянын Кытайды коопсуздук кепилдиктерине кошуу сунушун четке какты.

"Украинага эң керек болгон учурда да жардам бербеген өлкөлөрдүн кепилдиги керек эмес. Бизге жардам берүүгө даяр өлкөлөр гана кепил болушу керек",- деди Зеленский.

6. Президент Орусия согушту токтотуу үчүн аймактардан баш тартууну сунуштап жатканын кайрадан тастыктады.

"Путин бизге кандайдыр бир "аба" саткысы келет. Башкача айтканда, ал эми бизге кол салбайт, бирок анын ордуна биз көзөмөлдөгөн жерлерди берип коюшубуз керек",- деди ал.

7. Зеленский Путин менен жолугушуу үчүн Австрияны, Швейцарияны же Түркияны мүмкүн болгон өлкө катары атады.

Ал Москвада жолугушуудан баш тартарын, Венгрияда жолугушуу азырынча кыйын экенин айтты, анткени Будапешт Украинага колдоо көрсөтүүгө каршы чыгып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: