super.kg logo

Баштан өткөн 20 күндүк кулчулук. Шоумен Актан Рыскелдиев "Качкын" тасмасынын жаралышына токтолду

 

"Казакстанга барып 20 күн иштеп келип, кийин гана кулчулукка кабылганымды сездим" деген шоумен, актёр, тамада Актан Рыскелдиев агынан жарылып, SUPER.KG порталына маек берди.

Анын айтымында, бул баштан өткөн окуя "Качкын" тасмасынын өзөгүн түздү. Ал Казакстанга таякеси менен барып, Кордайдан анча алыс эмес аймакта курулушта иштеген. Паспортторун да курулуш ээси жүйөлүү себептер менен алып койгон. 20 күндөн кийин тамак-аштын тартыштыгы, жасалган орой мамиле аны мекенге кайтууга аргасыз кылган.

"Башында жакшы эле аке-үкө мамиледе болгон. Аягында бизге кыйкыра баштады. Буйрук бере баштады. Андай мамиле менин мүнөзүмө жакпайт. Бетине айтып салам баарын. Таякеме, үй ээсине эмне кылсаңар да кетем дедим. Уулу экөөбүздү качырмай болду. Бирок үй ээси паспорттубузду берип, айтылган суммадан анча аз акчасын карматты. Анан кечке маал чек арага барып, сууну жиреп өтүп кеттик. Андан өткөндө эле таякемдин уулу качтык деди, 3 чакырым чуркап барып анан кийиндик. Асфальт жолго чыгып, маршрутканы көргөндө көздөн жаш келди.

Казакстанда иштеп келдим деп жүрүп, кийин унутуп деле калгам. Бирок Дастан баарын жүрөгүнө туюп калыптыр. Кийин ошонун негизинде тасма тартылды",- деди Рыскелдиев.

Качкын тасмасы эл аралык сынактарга катышып, бир топ наамдарды алууга жетишти. Тасмада баңги сатуучулар Аза менен Самат кокустан кулчулуктан качып келген Назик аттуу жаш кызга жолугуп калышат. Ал кылмышкердин колуна түшүп, кайрадан туткунга түшүп калуу коркунучуна кабылганда, Аза аны кандай болбосун сактап калууну чечет. Тасманын режиссёру Актан Рыскелдиевдин бир тууган агасы Дастан Жапар Рыскелди.








"Качкын" тасмасынын өзөгү тууралуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: