Колумбиядагы теракт учурунда беш адам каза болду
Колумбиянын Кали шаарындагы Марко Фидель Суарес атындагы аскердик аба базасынын жанында болгон жарылуу натыйжасында беш адам каза болуп, 36 адам жаракат алды. Бул тууралуу Caracol басылмасы кабарлады.
"Азыркы учурда 36 адам жаракат алып, беш адам жарылуу учурунда каза болду. Окуя Кали аба базасынын жанында унаа ичиндеги жардыргыч заттын жарылышынан келип чыккан деп болжолдонууда",- деп айтылат маалыматта.
Учурда окуя болгон аймак полиция жана аскерлер тарабынан курчалган. Жарылууга каршы адистер жана куткаруу кызматы иш алып барышууда. Бийлик жабыркагандар жөнүндө так маалымат бере элек. Кали шаардык мэриясы жардырууну уюштургандарды аныктоого жардам берген маалымат үчүн 400 миллион песого чейин сыйлык жарыялады.
Колумбиянын президенти Густаво Петро бул окуя "Карлос Патиньо колоннасы" тобунун мүчөлөрүн талкалоого жооп катары болгонун билдирди. Президенттин айтымында, каза болгондордун экөөсү жергиликтүү тургундар.
