super.kg logo

Ынтымак ордодо Токаевдин расмий сапарына даярдык көрүлүүдө 

 

Бүгүн, 22-августта Ынтымак ордодо Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен президент Садыр Жапаров жолугушат. Учурда ардактуу коноктун расмий сапарына даярдык иштери жүрүп жатат.

Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамда эки жактуу сүйлөшүүлөрү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөт.

Ошондой эле расмий сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда Ынтымак паркында “Достуктун алтын көпүрөсү” монументинин расмий ачылыш аземин өткөрүү пландалган.

Сапарга карата бир катар иш-чаралар, анын ичинде Казакстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун расмий ачылыш аземи, Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын ачылышы пландалган.

Эске салсак, кечээ, 21-августта Токаев Бишкекке келип, аны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: