super.kg logo

Жеңиш чокусунда калган альпинист. Куткаруучулар 2 күндөн кийин жетиши болжолдонууда

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу 24-августта Кыргызстандын Жеңиш чокусунда буту сынып түшө албай калган орусиялык альпинист Наталья Наговцинага жетет. Бул тууралуу ӨКМ кызматы билдирди.

"Издөө-куткаруу тобу 6000 метрлик чек араны өтүп койду. Баары план боюнча жүрсө, 24-августта алар Наговцинанын жанында болот",- деп айтылат маалыматта.

Куткаруу операциясынын жүрүшүнө аба-ырайынын татаалдыгы тоскоолдук кылышы мүмкүн экени белгиленди.

Министрлик эң мыкты адистерди жөнөткөнүн маалымдады. Операция учурунда алар тоодон италиялык альпинисттин жансыз денесин да түшүрүшөт. Ал Наговцинанын тобунда болгон жана 6900 метр бийиктикте баш мээнин шишигинен, тоңуп каза болду.

Наталья Наговцина 12-августта Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутун сындырган. Ал 10 күндөн бери болжолдуу 7140 метр бийиктикте жатат. Башында куткаруучулар альпинистке 2-3 күндүн ичинде жетүүнү пландашкан, бирок кийин 5 күнгө узартылган.

Айта кетсек, 16-августта куткаруу иштерине барган Коргоо министрлигине караштуу Ми-8 тик учагы аба ырайынын татаалдыгынан кырсыкка учурады. Экипаж мүчөлөрү жаракат алып, алар Караколго жеткирилди.

Ал эми Жеңиш чокусу альпинисттер үчүн татаал жолдордун бири экендигин адистер айтышып, өлкөдөгү үч чокуга келген альпинисттерди милдеттүү камсыздандыруу жана уруксат менен гана киргизүү сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: