super.kg logo

Алиев Азербайжан дайыма согушка даяр болушу керектигин айтты

 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкө дайыма согушка даяр болушу керек экенин билдирди. Бул тууралуу Adalet басылмасы жазды.

"Биз каалаган учурда согушка даяр болушубуз керек. Себеби дүйнөдөгү кырдаал ушундай багытта өнүгүп жатат, эртең эмне болорун эч ким билбейт. Биздин коопсуздугубуздун кепилдиги — бул өзүбүз. Мамлекет, эл жана Куралдуу күчтөрүбүз",- деди Алиев.

Ал белгилегендей, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Экинчи Карабах согушунан кийин Азербайжан миңдеген атайын бөлүктөрдү түздү.

Алиевдин айтымында, өлкө эң заманбап учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алып, жаңы аскердик учактар боюнча келишимдерге кол койгон. Эски учактар болсо толугу менен модернизацияланган. Алиев Баку тынчтыкты кааларын, бирок ар дайым сак болушу керектигин баса белгиледи.

Ал бул билдирүүнү Келбажар районундагы жаңы турак жай комплекстерине көчүп келген адамдар менен жолугушууда жасаган. Келбажар — Азербайжандын батышындагы тоолуу аймак болуп, Тоолуу Карабах менен Армениянын ортосунда жайгашкан. 1993-жылга чейин бул райондо негизинен азербайжандыктар жашаган. Бирок 1993-жылы Биринчи Карабах согушунун жүрүшүндө, район армян күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн. Мындан улам бардык азербайжан калкы үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон.

Келбажар дээрлик 30 жыл Армениянын көзөмөлүндө болуп, ал жакка армян көчмөндөрү жайгаштырылган.

2020-жылдагы Экинчи Карабах согушунун жыйынтыгында, Келбажар району Азербайжанга кайтарылып берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: