Токаев менен Жапаровдун жолугушуусунда бир нече документтерге кол коюлду (тизме)
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 22-августта кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө багытталган бир катар эки жактуу документтерге кол коюлду.
Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы 2025-2027-жылдарга карата кызматташуу боюнча комплекстүү планын жактыруу жөнүндө" Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин чечимине кол коюшту.
Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү.
- Кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык, транзиттик-транспорттук, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү кыргыз-казак мамилелеринин маселелери боюнча Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин чечими.
- 2030-жылга чейин Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жол картасы.
- Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстандын Алматы облусунун акимчилигинин ортосунда Алматы облусунда дүң-бөлүштүрүү борборун куруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.
- Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосундагы ташылуучу автотранспорт каражаттары жана товарлар жөнүндө меморандум.
- Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда өз ара сооданын алкагында автомобиль транспорту менен ташууларды көзөмөлдөө боюнча навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө меморандум.
- 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол.
- Кыргызстандын өкмөтү менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн кадрларды даярдоо жаатындагы макулдашуу.
- Министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы эки өлкөнүн элчиликтери үчүн Астана жана Бишкек шаарларындагы имараттарды жана жер тилкелерин акысыз пайдаланууга өз ара берүү жөнүндө макулдашуу.
- Казакстан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун ортосундагы пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу.
- Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданият жаатында кызматташтыкты кеңейтүү боюнча 2025-2027-жылдарга карата иш-чаралар планы.
- Казакстандын өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер rабинетинин ортосундагы Казакстандын жана Кыргызстандын жер үстүндөгү радио кызматтары колдонгон 29.7 мегагерц – 3000 гигагерц радио жыштык тилкесинде радио жыштыктарды координациялоо жөнүндө макулдашуу.
- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстандын Туризм жана спорт министрлигинин ортосундагы туризм жаатында кызматташуу боюнча 2025-2026-жылдарга карата иш-чаралар планы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясы менен Казакстан Республикасынын президентинин Иш башкармалыгынын чарба жүргүзүү укугундагы "Казакстан Республикасынын Президентинин телерадиокомплекси" республикалык мамлекеттик ишканасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум.

