super.kg logo

Компаньон Банкы MoneyGram аркылуу тез эл аралык которууларды сунуштайт

 

Эми эл аралык MoneyGram акча которуу системасы Компаньон Банкынын бардык бөлүмдөрүндө жеткиликтүү.

Бул кызмат кардарларга 198 өлкөгө акча жөнөтүп же ала алуу мүмкүнчүлүгүн берет — тез, ыңгайлуу жана банктык эсеп ачпай эле.

MoneyGram 70 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет жана дүйнө жүзү боюнча 300 000ден ашык тейлөө пунктуна ээ, анын ичинде улуттук почта кызматтары, банктар жана ири соода түйүндөрү бар.

Компаньон Банкынын белгилегендей, кызматтын негизги артыкчылыктары — акчанын 10–15 мүнөттүн ичинде дүйнөнүн каалаган чекитине жетиши жана жөнөкөй жол-жобо.

«Биз үчүн кардарларыбыздын чет өлкөдөгү жакындарын ишенимдүү жана ыңгайлуу жол менен колдой алышы абдан маанилүү. MoneyGram менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтип, эл аралык которууларды мурдагыдан да жеткиликтүү кылат», — деп белгилешти Компаньон Банкынын басма сөз кызматында.

Которууну кантип жөнөтүү жана алуу

Жөнөтүүчү үчүн:

  1. Компаньон Банкынын бөлүмүнө паспорт менен келүү.
  2. Алуучунун толук аты-жөнүн, өлкөсүн жана шаарын көрсөтүү.
  3. Форманы толтуруу.
  4. Которуу суммасын жана комиссияны кассага төлөө.
  5. Уникалдуу кодду алуу жана алуучуга берүү.

Алуучу үчүн:

  1. Компаньон Банкынын бөлүмүнө паспорт менен кайрылуу.
  2. Которуунун кодун адиске билдирүү.
  3. Акчаны кассадан алуу.

Кимдер үчүн пайдалуу?

  • Чет өлкөдө иштеп, үйүнө акча жөнөтүп тургандарга.
  • Саякаттап жүргөндөргө.
  • Чет өлкөдө билим алып жаткан студенттердин үй-бүлөлөрүнө.

Толугураак маалыматты MoneyGram расмий сайтынан www.moneygram.com алсаңыз болот.

Биз дайыма байланыштабыз: 88 00 (мобилдик операторлордон чалуу акысыз) же WhatsApp 0 770 33 88 00.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: