Өлкөдө коомдук тамактануучу жайлардагы тейлөө акысын жокко чыгаруу сунушталды
Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда соода ишмердүүлүгүн тартипке келтирүү жөнүндө токтомго өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат. Тиешелүү долбоор коомдук талкууга чыгарылды.
Министрликтин маалыматында, коомдук тамактануу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү үчүн өзүнчө акы ( 5-15 пайыз) алуу практикасы кеңири жайылып кеткен. Бул акы көбүнчө эсеп-фактурада өзүнчө көрсөтүлүп, негизги баага кошулбайт.
Бул көрүнүш салыкты жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана бизнес жүргүзүүнүн ачыктыгы жагынан олуттуу тынчсызданууларды жаратууда. Министрлик белгилегендей, кызмат көрсөтүү үчүн акы өз алдынча кызмат эмес, коомдук тамактануу кызматтарынын комплекстүү бөлүгү болуп эсептелет.
Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүлөрдүн так баасы тууралуу алдын ала маалымат берилиши керек.
"Коомдук тамактануучу жайлар менен кардарлардын ортосундагы мамилелер жарандык-укуктук мүнөздө болуп, алар жазуу же оозеки түрдө түзүлгөн келишим аркылуу жөнгө салынат. Бул мамилелер Кыргызстандын Жарандык кодекси менен жөнгө салынат. Өкмөттүн токтому менен бекитилген айрым товар түрлөрүн сатуу эрежелеринин 141-пунктуна ылайык, коомдук тамактануу жайларына мыйзамдарга каршы келбеген кошумча шарттарды өз алдынча киргизүүгө укук берилген.
Эгерде менюда кызмат көрсөтүү үчүн акы көрсөтүлбөсө, бирок эсеп-фактурага кызмат пайызы кошулса, бул керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамды (7- 9- 27-беренелер) бузуу болуп саналат",- деп айтылат негиздеме-маалыматта.
Мыйзамда так жазылган жоболордун жоктугуна байланыштуу, коомдук тамактануучу жайлар кызмат акысы үчүн пайыз алып жаткан учурда өкмөт керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында бирдиктүү эрежелерди киргизүүгө укуктуу.
Бул максатта сооданын айрым түрлөрү боюнча эрежелердин 141-пунктун жаңы редакцияда төмөнкүдөй мазмунда бекитүү сунушталууда:
-
тейлөө, тамактарды алып келүү, идиш-аяк жайгаштыруу жана башка ушул сыяктуу кызматтар үчүн акы негизги буюртманын суммасынан өзүнчө каралбашы керек;
-
коомдук тамактануунун бардык компоненттери - тейлөө, тамак менюда же прайс-листе көрсөтүлгөн баага толук камтылышы шарт;
-
кардар төлөчү акыркы сумма, коомчулук үчүн жеткиликтүү прайс-листтеги бааларга ылайык эсептелген суммага туура келиши зарыл. Айырма болгондо гана бул кардардын ыктыярдуу түрдө калтырган "чай акысы" болушу мүмкүн.
Мындай жоболорду киргизүү бизнес жүргүзүүнү ачык-айкын кылууга, салык тутумун чыңдоого жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган зарыл кадам болуп эсептелет.
Түзүүчүлөрдүн пикиринде, бул чаралар Кыргызстанда коомдук тамактануу кызматтарын көрсөтүүдө адилеттүү, ачык жана туруктуу систем түзүүгө өбөлгө түзөт.
