super.kg logo

Министр Кулбаев: "Кыргыз-казак ортосундагы соода көлөмү өсүп жатат"

 

Ынтымак Ордодо бүгүн, 22-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий сапарынын убагында жетинчи мамлекет аралык жогорку жыйын болуп өттү. Анда бир катар кызматташтык тууралуу келишимдерге кол коюлду.

Жыйындан кийин тышкы иштер министри Жээнбек Кулбаев сүйлөшүү жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

"Жыйында биз эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономиканы өстүрүү, энергетика, транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, айыл чарба тармагында кызматташуу, санариптештирүү, билим, маданият тармагы боюнча ой алмаштык. Сүйлөшүү эң жогорку деңгээлде өттү.

Азыркы шартта кыргыз-казак ортосундагы соода көлөмү өсүп жатат. 8 айдын ичинде 500 миллиондун тегерегинде соода болду, жылдын аягына чейин 1 миллиарддан жогору кылганга мүмкүнчүлүк болот.

Соода-саттыкты өнүктүрүү боюнча эки мамлекеттин ортосундагы чек ара көзөмөлүндөгү транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча да кенен ой алмаштык.

Андан сырткары, бардык министрликтерге тапшырмалар берилди",- деди ал.

Эске салсак, кечээ, 21-августта Токаев Бишкекке келип, аны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: