Сузакта өлкөдө тыюу салынган экстремисттик уюмдун мүчөлөрү камакка алынышты





Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кыргызстанда тыюу салынган "Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун уюштуруучулары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга аталган уюмдун мүчөлөрү жашыруун сабактарды уюштуруп жаткандыгы белгилүү болду.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен катталып, кылмыш иши козголду. Натыйжада 1968-жылы туулган А.Х., 1972-жылы туулган Х.М., 1974-жылы туулган Л.Э., 1975-жылы туулган Р.А., 1978-жылы туулган А.А., 1979-жылы туулган Я.К. жана 1983-жылы туулган Б.К. аттуу Сузак районунун тургундары кармалып, камакка алынышты.
Алардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзгөн учурда уюмга таандык 71 даана китеп, 19 даана брошюра, 10 даана уюлдук телефон, 1 даана DVD диск алынып, аларга карата соттук экспертиза дайындалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
