super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: “Тажикстан 3 эл аралык келишимди бузду”

 
Бүгүн, 15-январда журналисттерге ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев “Тажикстан Кыргызстанга карата 3 эл аралык келишимди бузду” деп билдирди.  
Анын айтымында, биринчиси - БУУнун 1979-жылдагы Конвенциясынын курал-жаракты колдонбоо, экинчиси - эки мамлекеттин ортосундагы макулдашуу, үчүнчүсү - 1997-жылдагы Кытай, Кыргызстан жана Тажикстандын чек араларды жана жарандардын бейпилдигин бузбоо боюнча келишимдердеги эрежелерди аткарган эмес. Жогоруда көрсөтүлгөндөр боюнча Тажикстанга нота жөнөтүлгөн.

Эске салсак, 11-январда саат 13:00 чамасында Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов журналисттер менен жолугушууда чек ара чатагынын хронологиясын айтып, "жаңжалда тажик тарап кыргыз чек арачыларына миномёттон ок чыгарышты" деген Чек ара кызматынын маалыматын аныктады. Окуя болгон жерден 6 оюлган жер жана бир жарылбай калган снаряд табылган

Жаңжалдын натыйжасында кыргыз тарабынан 6 чек арачы, тажик тараптан 2 адам жаракат алган. Учурда кыргызстандык 3 чек арачы Бишкекте дарыланышууда.

Баткенде кырдаал туруктуу жана Ак-Сай – Көк-Таш жол курулушу улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: