super.kg logo

Нарындагы талкуу жараткан жолду кайра оңдоо тапшырмасы коюлду (видео

 

Нарын шаарындагы асфальтталган Шералиев көчөсү куруу иштериндеги кемчиликтер жоюлмайынча кабыл алынбайт. Бул тууралуу транспорт министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев билдирди.

Солтобаев учурда курулуш иштери уланып жатканын белгиледи.

"Курулуш ишканасы шашылыш түн ичинде салгандыктан көптөгөн кемчиликтер чыкты. Эми кайра ошол кемчиликтерди оңдогондон кийин кабыл алынат. Андан тышкары 3 жылдык мөөнөт бар, эгер ошол аралыкта дагы кемчиликтер чыкса компания тарабынан жасалат. Мэрия жана башка тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан куруу иштериндеги кемчиликтер айтылды. Биз кайра ошолорду оңдоого тапшырма бердик", - деди ал.

Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары жол сапатсыз салынып калганын жазышып, аны чагылдырган сүрөттөр менен бөлүшүшкөн. Бул коомчулукта талкуу жараткан болчу.

Эске салсак, июнь айында Нарындын абалы ыр менен айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Мындан улам УКМК төрөгасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн.

Анда транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Шералиев көчөсү августун 10на чейин толук бүткөрүлөрүн айткан. Кийин, тагыраагы, 11-августта Ташиев Нарынга кайрадан иш сапары менен барганда аталган көчө толук бүтө электиги тууралуу маалымат алып, 5 күн убакыт берген.






22.08.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: