super.kg logo

Жайыл районундагы 1040 гектар жер мамлекетке кайтарылды (фото)

 

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди, анын ичинде өнөр жай жана социалдык объекттерин аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 1040 гектар айыл чарба жери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым жетекчилери жана кызматкерлери каттоого алынбаган жерлерди өздөрүнө тиешелүү жактарга жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга берген. Ошондой эле арзандатылган ижара наркы көрсөтүлгөн жасалма келишимдерди түзүшкөн.

Мында мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жер тилкелерин муниципалдык же мамлекеттик менчикке алуунун милдеттүү жол-жоболорун сакташкан эмес.

Учурда министрлер кабинетине караштуу "Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик" тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аталган жерлерди каттоодон өткөрүү, ошондой эле жогоруда аталган фактыларга катыштыгы бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: