Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт

29-августта саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, таза суу Лев Толстой көчөсү, Асаналиев көчөсү, Фучик көчөсү, темир жол линиясы жана Садырбаев көчөсү менен чектешкен аймактарда өчүрүлөт.
Суу берүү Лев Толстой көчөсүндөгү диаметри 200 миллиметр суу түтүктөрүн кайра туташтырууга байланыштуу токтотулат.
“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-08-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.