Жапаров менен Токаев Бишкекте эки жазуучуга арналган эстеликти ачышты








Бүгүн, 22-августта өлкө башчысы Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарында "Достуктун алтын көпүрөсү" аталышындагы эстеликти ачышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлады.
Маалымдалгандай, композиция Кыргызстандын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана Казакстандын эл жазуучусу Мухтар Ауэзовго арналган.
Садыр Жапаров эстелик кыргыз менен казактын боордоштугунун, кылымдарды карыткан руханий достугунун, чыгармачылык алака-катышы менен маданий ынтымагынын жаркыраган символу болуп саналарын белгилеген.
"Мухтар Ауэзов өз чыгармаларында казак талаасынын демин, эркиндикке умтулган элдин күчүн даңазалап, "Манас" эпосун жайылтууга олуттуу салым кошсо, Айтматов керемет кыргыз жергесинин асылдыгын, адамдык нарк менен ыймандын бийиктигин, аны менен кошо эки элдин тагдыры менен тарыхын дүйнөгө таанытты", - деди өлкө башчы.
Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө Садыр Жапаровго жана бүткүл кыргыз элине Мухтар Ауэзовдун мурасына болгон аяр мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштардын маанисине токтолду.
"Былтыр Астана шаарында Айкөл Манастын эстелигин салтанаттуу түрдө ачтык. Мындай жакшы демилгелер боордош өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты дагы да бекемдейт. Чынында эле казак менен кыргыздан өткөн жакын эл жок. Элдерибиз кан-жаны, руханий байланыштары, жалпы тарыхы жана маданий мурастары менен байланышкан. Көп кылымдык достугубуз убакыттын сыноосунан өттү", - деп билдирди казак президенти.
Садыр Жапаров Мухтар Ауэзовдун "Элдешкен эл тозбойт" деген сөзү, Чыңгыз Айтматовдун "Ынтымак – ыйык казына" деген кеби эки элдин ынтымакташууга карай жолунда эң маанилүү насааттар болуп кала берерин белгиледи.
