Ысык-Көлдө жол тескөөчүлөр таксистти жолун тосуп токтотушту (видео)
Ысык-Көл районунан мас абалында оң рулдуу унаа менен такси кызматын кылып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тору-Айгыр айылында жол тескөөчүлөр Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаасын токтотуу аракетин кылышкан. Бирок ал инспекторлорго баш ийбей, каршы тилке менен айдай качкан. Мындан улам айдоочунун кылыгы кийинки постко кабарланып, жолду жаап токтотулду.
Текшерүү учурунда айдоочу мас абалда оң рулдуу унаа менен такси кызматын аркалап, жүргүнчүлөрдү ташып жүргөндүгү аныкталды. Ага карата карама-каршы тилке менен айдагандыгы үчүн 15 миң сом айып пул салынды. Ал эми унаасы атайын айып короосуна токтотулду.
Башкармалык айдоочу соттун чечими менен мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн унаа башкаруу укугунан бир жылга ажыратыларын белгиледи.
23.08.25.
