Ишкер Ош шаарынын мэриясына 10 унаа белек кылды








Ош шаарынын бийлиги 10 даана жаңы унаа мэрияга белекке берилгенин билдирди.
Маалымдагандай, унааларды Жалал-Абад облусунун тургуну, ишкер Асылбек Муратбеков Ош шаарында жасалып жаткан жумуштарды баалап, мэрге колдоо катары алып келгендигин билдирген. Ал ачкычтарды калаа башчысы Жеңишбек Токторбаевге тапшырган.
Мэрия эми унаалар жакынкы күндөрү муниципалдык VIP такси катары каттамга чыгарыларын белгиледи.
Эске салсак, Ош шаарында муниципалдык такси кызматы ишке киргизилип жатат. Буга чейин да 15 электромобиль алынып келинген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:08
2025-08-23

14:49
2025-08-23

10:40
2025-08-23

21:19
2025-08-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.