super.kg logo

Жеңиш чокусунда калган альпинисти куткаруу иши токтотулду

 

Ысык-Көлдүн Жеңиш чокусунда буту сынып түшө албай калган орусиялык альпинист Наталья Наговцинаны куткаруу иштери толугу менен токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ak-Sai Travel туристтик компаниясы тарабынан куткаруу иштерине чыккан топтун башчысы кечээ, 22-август күнү 6100 метр бийиктике жеткенде белинен жаракат алып, куткаруу тобу кайра 4500 метр бийиктикте жайгашкан базага кайтып келишкен.

Министрлик артка кайткан куткаруу тобу тик учак менен 4050 метр бийиктикте жайгашкан түштүк "Эңилчек" базасына, ал эми белинен жаракат алган куткаруу топтун башчысы "Каркыра" лагерине жеткирилгенин белгиледи.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулар тобу 24-августта Наталья Наговцинага жетерин билдирген.

Наталья Наговцина 12-августта Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутун сындырган. Ал болжолдуу 7140 метр бийиктикте жатат. Башында куткаруучулар альпинистке 2-3 күндүн ичинде жетүүнү пландашкан, бирок кийин 5 күнгө узартылган.

Айта кетсек, 16-августта куткаруу иштерине барган Коргоо министрлигине караштуу Ми-8 тик учагы аба ырайынын татаалдыгынан кырсыкка учурады. Экипаж мүчөлөрү жаракат алып, алар Караколго жеткирилген.

Ал эми Жеңиш чокусу альпинисттер үчүн татаал жолдордун бири экендигин адистер айтышып, өлкөдөгү үч чокуга келген альпинисттерди милдеттүү камсыздандыруу жана уруксат менен гана киргизүү сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: