super.kg logo

НАТО Украинага аскер жөнөтүүнү пландабаганы айтылды

 

НАТОнун Аскердик комитетинин төрагасы Жузеппе Каво Драгоне альянстын аскерий контингентин Украинага жөнөтүү боюнча НАТО ичинде эч кандай талкуу болбогонун билдирди.

"Бул маселелер эл аралык саясаттын жана Москва менен сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү. Бирок биз аларды НАТОдо такыр талкуулаган жокпуз, ал тургай кыйыткан да жокпуз", - деген ал Corriere della Sera басылмасына берген маегинде.

Ал белгилегендей, контингенттер боюнча маселе айрым өлкөлөр тарабынан, балким, эки тараптуу негизде көтөрүлгөн.

"Бирок, дагы бир жолу кайталап айтам, ал баштапкы баскычында калууда", - деп кошумчалаган.

"Мен даяр аскерлер бар-жогун билбейм, балким, кимдир бирөө НАТОго кирбеген өлкөлөрдүн аскерлеринин вариантын карап чыгышы мүмкүн. Бардык суроолор ачык. Бир гана чечкиндүү билдирүү бар: НАТО биринчи кезекте өзүнүн мүчө-мамлекеттеринин жарандарын коргоого умтулат", - деп жыйынтыктаган Драгоне.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: