Жантөрө Мирзалиев грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталды
Жантөрө Мирзалиев 20 жашка чейинкилер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Болгариянын Самоков шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 67 килограмм салмак ченинде күч сынашты. Мирзалиев биринчи беттешинде беларус балбаны Ихар Зварыкинди 9:0 эсебинде жеңип алса, 1/8 финалында швейцариялык Робин Бруннерди 8:0 эсебинде утту. Чейрек финалда ирандык балбан Хоссейн Абдовалини 5:3 эсебинде, жарым финалда өзбекстандык Фаёзбек Эшмирзаевди 5:1 эсебинде жеңди.
Ал эми чечүүчү беттеште орусиялык Эрза Закриев менен күч сынашып, 3:2 эсебинде жеңишке жетишип, алтын медалга ээ болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:49
2025-08-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.