"Ошто окуп, жашап жүрүп билбептирбиз". Ташиев Жеңишбек Токторбаевди мактады (видео)
Кечээ, 23-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районундагы "Кекилик-Учар бейити" мемориалдык комплексине зыярат кылып, маркумдарга багыштап куран окуду.
Андан соң ал жергиликтүү аксакалдар менен сүйлөшүү өткөрүп жатып, алардан Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин ишмердүүлүгүн баалоону суранды. Чогулгандардын бардыгы "жакшы" деген баасын айтышты. Ташиев өзү мэрдин шаардагы каналдарды, мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин жогору баалаарын белгиледи.
"Мунун (ред.: Жеңишбек Токторбаев) эң жакшы кылган бир иши бар. Бул – Ак-Буура дарыясынын көзүн ачты. Биз Ошто окуп, жашап жүрүп, ошончо канал бар экенин билбептирбиз. Бүт суулардын үстүнө үй, тооккана, малкана, ажатканаларды салып алышкан. Ошонун бардыгын алдырып, суунун көзүн ачып, "жылтыратканы" эле жагып жатат", - деди ал.
24.08.25.

