"Көмүлгөн жерин билбей калыптыр". Камчыбек Ташиев чоң атасын эскерди
Кечээ, 23-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Оштун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын тургундары менен болгон жолугушууда "Кекилик-Учар бейитине" көмүлгөн Таши чоң атасын эскерди.
Анын айтымында, чоң атасы кыйынчылыктын айынан кайын журтуна көчүп барган.
"Ошол жактан чоң энем экөө машак терип, үйгө 5-6 кап буудай топтоп коюшат. Анан атайын кызматтын өкүлдөрү көрүп калып, "муну уурдап алгансыңар" деп, чоң атамды алып кетишкен экен. Чоң атамды түрмө отургузушкан. Эжем "чоң атамды эки жолу көрдүк" деп айтып берген. "Биринчи барганда сүйлөшүп келдик, экинчи барганда тамак алып бардык, үчүнчүсүндө каза болуп калганын айтышты" деген. "Кайсы жакка көмүлгөнүн билбей калдык. Ушу Өзгөндүн тегерегинде болчу" дейт да.
Акыры биз ушул жерде түрмө болгонун издеп таптык. Атабыз жетим калып, 16 жашка чейин ар кимге жалданып иштеп жүргөн экен. Анан атамдын агасы согуштан келгенде инисин иштеп жүргөн жеринен таап, кайра Барпыга алып кеткен экен. Атам деле атасынын көмүлгөн жерин билбей калыптыр. Жергиликтүүлөр айтып берип, биздин кызматтын адамдары изилдеп отуруп, ушу Кекилик-Учар деген жерди бейит кылып койдук", - деди Ташиев.


