Бишкек мэриясы Ататүрк паркында болуучу өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди



Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк атындагы паркты реконструкциялоо долбоору менен таанышып, шаардыктар менен жолукту. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан долбоордун алкагында паркты реконструкциялоодо жаңы кире бериш топторду, Ооган жоокерлерине эстеликти, жаңы балдар аянтчаларын, сахнаны, спорт аянтчаларын, иппотерапия аянтчасын куруу, көлмө жана кароол аянтчаларын уюштуруу иштери камтылган.
Мындан тышкары 3 чакырым чуркоо жолу жана 3,6 чакырым велосипед жолу пайда болот. Жалпы аянты 77 миң чарчы метрди түзгөн жөө адамдар өтүүчү тротуарлар жасалат. Сугат системасы орнотулат жана башка инфраструктуралык иштер жүрөт.
Мэр шаар кызматтарына курулуштун мөөнөтү жана сметасы көрсөтүлгөн маалымат тактасын орнотууну, ошондой эле иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
"Коопсуз жана ыңгайлуу велосипед жолун куруу максатында айрым аймактарда тандалма санитардык тазалоо жүргүзүлөт. Бул иш-чаралардын алкагында жапайы өскөн бадалдар жана текшерүү актыларынын негизинде авариялык деп табылган дарактар гана алынат. Ал эми башка өсүмдүктөр толук сакталып калат. Иштер бүткөн соң паркты жашылдандыруу боюнча компенсациялык чаралар көрүлөт, жаңы дарактар жана бадалдар тигилип, аларга үзгүлтүксүз багуу иштери жүргүзүлөт. Бул аракеттердин баары паркты шаар тургундары үчүн дагы жашыл, жагымдуу жана ыңгайлуу эс алуу жайына айландырууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган сейил бакка курулган турак үйлөр бузулбай турганын, алардын ээлери паркты өнүктүрүүгө каражат беришерин билдирген.
Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Бишкектеги Ататүрк паркына үй салып алгандар сейил бакты оңдоого 100 миллион сомдун тегерегинде акча чогултушканын айткан.


