Азербайжан президенти Трампты Нобелдин сыйлыгына татыктуу деди
АКШнын президенти Дональд Трамп чынында эле Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыктуу. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев Al Arabiya телеканалына берген маегинде билдирди.
Алиев Трампты Африкада, Азияда жана Түштүк Кавказда жакшы иштерди жасады деп белгилеген.
"Анын мүнөзү ушундай, анын табияты ушундай. Ал тынчтыкты каалайт. Ал ушунчалык кең пейилдик менен ар кимге белек-бечкек берген... Ал чындап эле чоң урмат-сыйга татыктуу инсан", - деди Алиев.
Алиев ошондой эле Трампка болгон мамилеси ар дайым оң болгонун белгилеп: "Менин саясатчы катары мамилем анын биринчи мөөнөтүндө да, ал кезде жолугушууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болсо да, ар дайым позитивдүү болгон. Айрыкча ал терең мамлекеттин өкүлдөрүнүн шайлоо бурмалоосунан улам шайлануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганда", - деген ал.
Эске салсак, 7 өлкө Трампты "Нобель" сыйлыгына көрсөткөн.
