super.kg logo

Камчыбек Ташиев Нарындын акыбалы оор экенин айтты (видео)

 

Кечээ, 23-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Оштун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Анда атайын кызматтын башчысы Нарын облусунун акыбалы оор экенин айтты.

"Нарынга акыркы 2-3 айда 2 жолу барып келдим. Чындыгында акыбал оор. Эч каралбай калган жерлер бар. Бул жакта анча-мынча жолдор, курулуштар оңолуп калды. Ал жакта же жол оңолбойт, же мектеби жок", - деди ал.

Эске салсак, июнь айында Нарындын абалы ыр менен айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Мындан улам УКМК төрөгасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Анда бир катар тапшырмалар коюлуп, айрым жетекчилер жеме уккан.

Кийин, тагыраагы, 11-августта Твшиев кайрадан Нарынга иш сапары менен барган. Анда ал Нарын облусун өнүктүрүүгө быйылкы жылы 15 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирип, Нарын районуна айыл чарба техникаларын тапшырган.






24.08.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: