"Жаздан бери ызы-чуу болуп жатат". Транспорт министри Нарындагы жолду текшерип барды (видео)
Бүгүн, 24-августта транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүндө жүрүп жаткан иштерди текшерип барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Сыргабаев жеринде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Бета Групп" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, бардык кемчиликтерди кыска убакыттын ичинде толук жоюу тапшырмасын койду.
"Бардык кемчиликтерди өз каражаттарына оңдошот. Биз азыр бардыгын текшерип, кемчиликтерди таап жатабыз. Оңдоп бүтүрүшкөндөн кийин кетишет", - деди ал.
Министр аталган компанияга акыркы эскертүү берилип жатканын эскертип, "Бета Групптун" өкүлүн жемеледи.
"Тротуарды да ушинтип салабы? Түшүнбөй турам. Мына, жаздан бери ызы-чуу болуп жатат. Салганга жараша жакшы салбайсыңбы, болбосо неге салдың? Анда жолду салбай кой да. Же атайын кылып жатасыңбы? Колуңан келбесе, анда жасаба. Эмне деген акмакчылык?" - деп ачууланды ал.
Буга чейин транспорт министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев асфальтталган Шералиев көчөсү куруу иштериндеги кемчиликтер жоюлмайынча кабыл алынбай турганын билдирген. Анын алдында социалдык тармактардын колдонуучулары жол сапатсыз салынып калганын жазышып, аны чагылдырган сүрөттөр менен бөлүшүшкөн. Бул коомчулукта талкуу жараткан болчу.
Эске салсак, июнь айында Нарындын абалы ыр менен айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Мындан улам УКМК төрөгасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Ошол жыйында
Анда транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Шералиев көчөсү 10-августка чейин толук бүткөрүлөрүн айткан. Ташиев жолдун курулушунун кечеңдешине ачууланып, подрядчы "Бета Групп" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырган. Ал облус жетекчилигине компаниянын жетекчисин таап, жолдогу столбага тамак бербей байлап коюу сунушун айткан.
Кийин, тагыраагы, 11-августта Ташиев Нарынга кайрадан иш сапары менен барганда аталган көчө толук бүтө электиги тууралуу маалымат алып, 5 күн убакыт берген.
24.08.25.

