super.kg logo

"Умай Групп" МСК нын демилгесин колдоду

 

Өлкөдөгү эң ири чекене сатуучу — Globus, "Народный", "Достор" жана SPAR дүкөндөр тармагын башкарган "Умай Групп" компаниясы Мамлекеттик салык кызматынын демилгесин колдоп, Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы менен ачык бөлүшүүдө.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, компаниянын мамлекеттик бюджетке төккөн салыктарынын суммасы 1 911 500 000 сомду (бир миллиард тогуз жүз он бир миллион беш жүз миң сом) түздү.

Бул салым масштабдуу жана социалдык мааниси бар долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет — мисалы, 3 километр жол салууга, 6 бала бакча жана 7 оорукана курууга болот.

"Биз таза иштеп, сүйүктүү Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө салым кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз. Биздин салыктар — бул жаңы жолдор, мектептер, ооруканалар жана кыргызстандыктар үчүн жумуш орундары. Бул биздин кардарларыбыздын аркасы менен мүмкүн болду!" ,— дейт компания.

"Умай Групп" компаниясы ишеним көрсөтүп, Globus, "Народный", "Достор" жана SPAR дүкөндөрүн тандаган бардык кардарларга ыраазычылык билдирет.

"Биз чогуу экономиканы өнүктүрүп, өлкөнүн келечегин куруп жатабыз".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: