super.kg logo

Африка өлкөлөрү дүйнөнүн картасын өзгөртүүнү талап кылышты

 

Африка Биримдиги учурда көп колдонулган дүйнөнүн картасы Африканын чыныгы көлөмүн бурмалап көрсөтөрүн айтып, аны колдонбоого чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бул карта XVI кылымда европалык картограф Герард Меркатор тарабынан түзүлгөн жана негизинен деңизде багыт алуу үчүн колдонулган. Бирок ал континенттердин реалдуу өлчөмдөрүн туура чагылдырбайт. Алсак, Түндүк Америка менен Гренландия өтө чоң көрүнүп, ал эми Африка жана Түштүк Америка абдан кичирейип көрсөтүлөт.

Reuters агенттигине берген билдирүүсүндө, биримдиктин өкүлү Сельма Малика Хаддади азыркы колдонулуп жаткан карта Африканы экинчи даражадагы аймактай көрсөтүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, мындай стереотиптер билим берүү тармагына, маалымат каражаттарына жана саясатка терс таасирин тийгизет, чындыгында Африка — дүйнөдөгү экинчи ири континент жана калкы 1 миллиарддан ашат.

Ошондуктан Африка Биримдиги эл аралык уюмдарга жана башка өлкөлөргө Африканын жана башка континенттердин чыныгы өлчөмүн так көрсөткөн карталарды гана колдонууну сунуштоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: