super.kg logo

Израилдин Йеменге жасаган аба соккуларынан улам алты адам каза болду

 

Израил армиясынын Йемендин борбору Сана шаарына жасаган аба соккуларынын кесепетинен алты адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, дагы 86 адам жаракат алган. Соккулар электр станциясы менен мунай компаниясына тиешелүү объекттерге тийген.

24-августта Израилдин Аба күчтөрү Сана шаарына бир нече абадан сокку жасаган. Израил бул чабуулдар хуситтердин аскердик инфраструктурасына багытталганын жана акыркы күндөрү жасалган ракеталык чабуулдар менен учкучсуз учактарга жооп экенин билдирди. Бирок хуситтердин саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед Аль-Фаррах Израилдин соккулары жайкын тургундарга каршы багытталган деп маалымдады.

Эске салсак, 22-августта Израил армиясы Йемен тараптан ракеталар атылганын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: