Кыргызстандын журналисттери Москвада "Останкино" телеборбору менен таанышты (фото)





































18-23-августта "Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюму "Узнай Россию" программасынын алкагында Кыргызстандан 32 өкүлү Орусиянын Москва шаарында болушту. Алардын катарында журналисттер, блогерлер жана операторлор бар. Катышуучулар өлкөнүн маданияты, тарыхы, алдынкы редакциялары, ошондой эле легендарлуу "Останкино" телеборбору менен таанышты.
Журналисттер федералдык эфирлер кантип түзүлөрүн көрүшүп, кесиптештери менен баарлашып, заманбап медиа-тренддерди талкуулашты. Ошондой эле, аларды кызыктырган суроолорго жоопторду ала алды.
Бул сапар тажрыйба алмашууга жана өлкөлөр ортосундагы профессионалдык байланыштарды чыңдоого мүмкүнчүлүк түздү. Буга чейин эч бир өлкөдөн журналисттер бул долбоор менен Орусияга барган эмес. Биринчилерден болуп Кыргызстандын журналисттери чакырылган.
"Евразия" – бул автономиялык коммерциялык эмес уюм. Анын негизги максаты – Евразия аймагындагы өлкөлөр ортосунда достук жана маданий кызматташтыкты чыңдоо, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Бул долбоор Орусияны чет өлкөлүк жаштарга таанытууга, маданий диалогду өнүктүрүүгө жана достук байланыштарды түзүүгө багытталган. Программа аркылуу жаштар Россиянын маданияты, тарыхы жана бүгүнкү жашоосу менен түз таанышууга шарт түзүлөт.
Бардык чыгымдар уюштуруучулар тарабынан толугу менен төлөнөт.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин
«Евразияга» жумушчу топту координациялоо тапшырылган. Анын курамына эки өлкөнүн билим берүү, илим, жогорку жана санариптик өнүгүү министрлери, ошондой эле «Евразиянын» Көзөмөл кеңешинин мүчөлөрү кирет. Алар жаңы программаларды ишке киргизүү, мугалимдерди колдоо, студенттерди шыктандыруу жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.
Буга чейин бул программанын алкагында 10 миңдей кыргызстандык Орусияга барган жана Орусиядан Кыргызстанга 300дөй жаран келген.

