Төкмө акын Мамбеторозо уулу 9 жылдан кийин ата-энесине жолукту (видео)
Белгилүү төкмө акын Мамбеттокто Мамбеторозо уулу 9 жылдан кийин ата-энесине жолукту. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалым болгондой, Мамбеторозо уулунун ата-энеси Кыргызстанга Кытайдан келишти.
"Акыры 9 жылдан кийин ата- энебиз менен жолугуштук. Кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк айтамын. Анан дагы таң атканча кирпик какпай козусун союп коноктоп, оорумду жондон, жеңилимди колдон алышкан досторума ыраазычылык!
Ата энем келди акыры,
Ала-Тоонун койнуна.
Айыктым куса дартыман ,
Асылып жыттап мойнуна!",- деп жазды төкмө акын.
Мамбеттокто Мамбеторозо уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















