super.kg logo
  Спорт  

Өлкөнүн волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды

 

Кыргызстандын кум үстүндөгү волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы (U-21) өлкө тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Роза Расулбек кызы жана Айтурган Айтбековадан турган команда Кыргызстандын кум үстүндөгү волейбол боюнча машыктыруучусу Карина Кимдин жетекчилиги алдында 15-19-октябрь күндөрү Мексикада өтө турган 21 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиондугуна катышат.

Спортчу кыздар керектүү рейтингдик упайларды топтоп, Кыргызстандын волейболунун тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиондугунун финалдык мелдештерине катышууга Бишкек шаарында даярдык көрүүдө.

Бул жуп Париж Олимпиада оюндарынын тандоо турунда да күч сынашып, Азиянын эң күчтүү 8 командасы менен беттешкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: