"Царикаев" лакап аты менен белгилүү Мирлан Таалайбеков үйлөндү
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбеков үйлөндү. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
"Бул сүрөт мен үчүн жаңы кесиптик этаптын башталышы гана эмес, үй-бүлөлүк жашоомдогу маанилүү барактын ачылышы", -деп жазды ал.
Эске салсак, аталган кызматка Таалайбеков 25-июлда дайындалган. Ал буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук кызмат башкармалыгында иштеп келген. Таалайбеков коомчулукта ишине так жол тескөөчү катары белгилүү болгон.
Учурда ал шаардагы жашылдандыруу, санитардык жана экологиялык нормалардын сакталышын көзөмөлдөйт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:15
2025-08-25

14:20
2025-08-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.