"Азаматсың!". Жапаров экоактивист Андрей Панаевге унаа белек кылды (видео)

Мамлекет башчысы Андрей Панаевдин ыктыярдуу түрдө таштанды терип жүргөнүн интернеттен көрүп, ага ыраазычылык билдирүүнү туура көргөнүн билдирди.
“Сиздин кылып жаткан ишиңиз көпчүлүк үчүн үлгү. Экологиянын, табияттын чек арасы жок. Жер жүзү бир аба менен дем алабыз. Андыктан жер бетиндеги ар бир адам сендей иш кылыш керек. Биз экологияны, табиятты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп беришибиз керек. Бул -ар бир адамдын милдети. Сен, азаматсың! “,- деп белгиледи Жапаров.
Экоактивист Кыргызстанга саякаттап келгенин жана 2024-жылы Ысык-Көлгө эс алганы келип, көл жээгинде таштандыларды тазалап, ал аракети аркылуу башкаларды тазалыкты сактоого чакыргысы келгенин айтып берди. Андрей Панаев Кыргызстанда биротоло калууну чечкен.
Ошондой эле, ал Садыр Жапаровдун таштанды терип, тазалыкка чакырган видеолорун көргөнүн айтып, муну менен өлкө башчысы башкаларга үлгү болуп жатканын баса белгиледи.
“Кыргыз элинин атынан, ыктыярчылардын атынан, экоактивисттердин атынан унаа белек кылам”,- деп өлкө башчы ата мекендик өндүрүштөн чыккан унаанын ачкычын Андрей Панаевге тапшырды.
видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:32
2025-08-25
11:18
2025-08-21
Рейтинг:
0

