super.kg logo
  Саясат  

Парламентте "КРдагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча тегерек стол өттү

 
Бүгүн, 14-декабрда ЖКда “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору боюнча тегерек стол өттү. Талкууда Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов, Салык кызматынын, бир катар Эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери өз ой-пикирлерин ортого салышты. Депутат Замир Бекбоев жеңилдик алган ишканалардын бир тобу экспортко товар чыгарбай эле ички рынок менен иштеп жаткандыгы ЭЭА жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп бербестигин, тиешелүү төлөмдөрдөн качуу болуп жаткандыгын айтты. Ушул өңүттөн алганда, бир ишканага башка товар өндүрүүгө уруксат берүү туура эмес болуп калат. ЭЭАга келген чет элдик ишканалардын Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшү да талкуу жаратты. “Бишкек” ЭЭА жетекчиси Орозбек Нусубалиев каттоо иш-чаралары 10-15 күнгө созуларын айтып, мындай убаракерчилик инвестордун баш тартып кетип калышына негиз болорун белгиледи. Депутаттар Улукбек Кочкоров, Замир Бекбоев жана Юстиция министринин орун басары Н.Кутманов азыр кырдаал башкача экендигин, коммерциялык, юридикалык жактарды каттоо 3 күндүн ичинде жүргүзүлөрүн, мында эч кандай маселе жаралбастыгын белгилешти. Соңунда тараптар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер тармактык комитеттин кароосунда эске алынары айтылды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: