Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги "Амина" колдонмосу боюнча билдирди
1-сентябрдан тартып Москва шаарында жана Москва облусунда чет элдик жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын жашаган жери боюнча эсепке алуу эксперименттик тартиби киргизилет. Бул тууралуу 25-августта өлкөнүн Орусиядагы элчилиги билдирди.
Маалым болгондой, ал азыркы учурда колдонулуп жаткан миграциялык каттоонун тартибинин ордун толтурат.
Москва шаарына жана Москва облусуна “эмгектенүү” максатында келген чет элдик жарандар “Амина” — атайын мобилдик колдонмосун милдеттүү түрдө орнотушу керек болот.
“Амина” колдонмосу аркылуу Москва шаарынын Көп функционалдуу миграциялык борборунун (ММЦ Сахарово) дареги боюнча каттоого туруп, ички иштер органдарын чет элдик жаран түнөгөнгө, эс алганга, туруктуу пайдаланып жаткан чыныгы жашаган жери жөнүндө алыстан маалымдоого мүмкүнчүлүк берет. Жашаган жери өзгөргөн учурда, чет элдик жаран колодонмонун интерфейси аркылуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.
“Амина” мобилдик колдонмосун чет элдик жарандар өз алдынча “RuStore” колдонмо дүкөнүнөн орното алышат, бул үчүн ММЦ Сахарово же Россиянын ИИМнин аймактык бөлүмдөрүнө баруунун кажети жок.
Колдонмого катталуу (авторизация) үчүн жарактуу чет элдик жарандын картасы талап кылынат. Аны алуу үчүн чет элдик жаран ММЦ Сахарово борборуна кайрылышы керек. Ал эми карта жоголгон учурда, “Амина” колдонмосуна паспорттук маалыматтар аркылуу да кирсе болот.
Мобилдик тиркеме Орусиянын ИИМне геолокация жөнүндө маалыматтарды жөнөтүп турат. Эгер тиркеме бир нече күн бою маалымат жөнөтпөй калса, чет элдик жаранга жашаган дарегин тастыктоо же анын өзгөрүүсү тууралуу Орусиянын ИИМне кабарлоо зарылдыгы жөнүндө эскертүү келет. Бул үчүн ички иштер органдарына же ММЦ Сахарово борборуна баруунун кереги жок.
Эгер акыркы мониторингден кийин үч күндөн ашык убакыт ичинде абоненттин геолокациясы тууралуу маалымат болбосо, чет элдик жаран ММЦ Сахароводогу дарек боюнча каттоодон чыгарылат.
Эксперименттин шарттарын бузуу — чет элдик жаран тууралуу маалыматты Орусиянын көзөмөлдөгү адамдардын реестрине (РКЛ) киргизүүгө негиз болушу мүмкүн.
Колдонмонун иштөөсү менен таанышуу үчүн, эксперимент башталганга чейин аны сынамык режиминде колдонууга болот.
Ушуга байланыштуу, Орусиянын миграция мыйзамдарын бузууга байланышкан терс кесепеттердин алдын алуу максатында, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарын Москва шаары менен Москва облусундагы чет элдик жарандарды каттоо боюнча жаңы эрежелер менен алдын ала таанышып чыгууга чакырат.


