"Весёлый" каймана аты менен белгилүү... Балыкчыда 2 адам уурулукка шектелип кармалды (видео)
Балыкчы шаарында уурулукка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-августта милицияга шаа тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 22:56 чамасында соода борборлорунун биринин алдына токтотуп койгон Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаасынын ичиндеги барсеткасы уурдалганын айткан. Барсетканын ичинде 20 миң сом, жеке документтер, унаанын документтери, үйүнүн ачкычы жана банк карталары болгон.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) 3-бөлүмүнүн 4-пунктунун (Турак жайга, кызматтык же башка жайга, же болбосо транспорт каражатына кирүү менен) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Токмок шаарынын 44 жаштагы тургуну жана кылмыш чөйрөсүндө "Весёлый" каймана аты менен белгилүү болгон Балыкчы шаарынын 45 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынышкан.
26.08.25.



