Министрликтер менен мамлекеттик ишканаларга унаалар тапшырылды
Кечээ, 25-августта Бишкектин Турдакун Усубалиев атындагы аянтта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине, Ички иштер министрлигине жана башка бир катар ммлекеттик органдарга жаңы унаалардын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Касымалиев алгач иш-чарага чогулгандарды президенти Садыр Жапаровдун жана жалпы министрлер кабинетинин атынан алдыда кирип келе жаткан эгемендүүлүк майрамы жана жаңы унаалуу болушу менен куттуктап, өлкөдөгү акыркы жылдардагы болуп жаткан өнүгүүлөргө учкай токтолду.
"Кадырлуу замандаштар, кыргыз мамлекети акыркы 5 жылда ыкчам жана туруктуу өнүгүүгө карай багыт алды. Быйылкы жылы ЕАЭБде өлкөнүн ИДПсы туруктуу 10 пайыздан ашык өнүгүү темпин сактаган мамлекет болдук. Акыркы 7 айдагы өсүү темпибиз 11,5 пайызды түздү. 2025-жыл чек арабыз толук чечилген тарыхый жыл болду. Быйыл бюджетибизде да тарыхый жыл болот. Анткени жылдын аягына чейин консолидацияланган бюджетибиз 1 тириллиондон ашат деп болжолдоп жатабыз",- деди ал.
"Урматтуу иш-чаранын катышуучулары, экономиканын өнүгүүсү үчүн ар бир тармак өз ишинде жемиштүү иштеши керек. Бардык материалдык-техниканы чыңдоо үчүн сатып алынган техникалар максаттуу пайдаланылып, сиздердин ишти жеңилдетет деген ишенимдемин",- деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.
Айта кетсек, унаалардын 30у Энергетика министрлигине, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине, Ички иштер министрлигине тапшырылса, 21и "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасына, ал эми 12си “Кыргызкөмүр” ишканасына тапшырылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















